Кадыров 99,85 пайыз добуш менен кайрадан Чеченстандын башчысы болуп шайланды
Рамзан Кадыров протоколдордун 98,71 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтык боюнча 99,85 пайыз добуш алып, кайрадан Чеченстандын башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдиришти.
Бул Кадыровдун Чеченстандын башчысы кызматына түз шайлоого үчүнчү жолу катышуусу. Буга чейин ал 2021-жылы 99,7 пайыз, 2016-жылы 97,94 пайыз добуш алган. Бул жолку шайлоодо Кадыровго "Адилеттүү Орусия" партиясынан көрсөтүлгөн республиканын Коомдук палатасынын төрагасы Исмаил Денильханов жана КПРФ тарабынан көрсөтүлгөн аймактык парламенттин депутаты Халид Накаев атаандаш болду.
Түндүк Кавказ федералдык округундагы 7 аймактын ичинен Чеченстан менен Ставрополь крайында гана аймак башчылары түз шайланат. Калган республикаларда - Дагестан, Ингушетия, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес жана Түндүк Осетияда башчыны парламент президенттин сунушу менен бекитет.
Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери жетектеп келет. Ал Орусиядагы аймак жетекчилеринин арасынан кызматта эң узак убакыт турган жетекчи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















