super.kg logo

Иран АКШ согушту кайра баштоого даярданып жатканын жарыялады

 

Ирандын Борбордук аскердик командачылыгы АКШ бир катар аймактык өлкөлөрдүн колдоосу менен Тегеранга каршы аскердик аракеттерди кайра баштоого даярданып жатканы тууралуу маалыматы бар экенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бүгүн, 21-сентябрдагы маалыматтарга караганда, Иран АКШнын ар кандай чабуулу аймактагы америкалык базаларга жана объекттерге бир катар жооп кайтаруучу соккуларга алып келерин эскерткен. Тегеран ошондой эле аймактагы Американын Иранга каршы агрессиясын колдогон өлкөлөр чыр-чатактын тараптары деп эсептелерин билдирген.

Билдирүүдө Ормуз кысыгы жабык бойдон кала берери жана Иран бийлиги АКШнын президенти Дональд Трамп алардын шарттарын, анын ичинде согушту токтотууну, Ирандын активдерин бошотуу жана деңиз блокадасын алып салууну кабыл алмайынча сүйлөшпөй турганы баса белгиленет.

Жекшемби күнү Трамп Fox News каналына берген маегинде Иран менен кантип күрөшүүнү карап жатканын жана жакында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн деп эсептей турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: