Караколдо 12 миңден ашуун балдар үчүн мектептер жана бала бакчалар жаңыланды
Каракол шаарында бүгүн, 21-сентябрда Shirshov фондунун колдоосу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн беш мектеп жана беш бала бакчанын ачылыш аземи өттү.
Жаңыланган №1, №2, №3, №6 жана №7 мектептерде быйылкы окуу жылында 10 миң 810 окуучу билим алып жатат. Ал эми капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн №1, №2, №4, №5 жана №17 бала бакчаларда учурда 1 миң 469 бала тарбияланууда. Андан сырткары аталган бала бакчаларга кабыл алуу уланууда.
Салтанаттуу иш-чара Жолболду уулу Садыр Аке атындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде өттү. Ага Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов жана Shirshov фондунун өкүлү Ирина Ширшова катышты.
Каракол шаарынын мэри балдарды, ата-энелерди жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, шаардагы билим берүү инфраструктурасын жаңылоого кошкон салымы үчүн Shirshov фондуна жана анын негиздөөчүсү Алексей Ширшовго ыраазычылык билдирди.
Талантбек Иманов ар бир бала татыктуу жана сапаттуу билим алып, жакшы шартта билим алышы керектигин белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө күнүндө президент Садыр Жапаров 150дөн ашык социалдык жана өнөр жай объектисин ачкан. Бул иштер өлкөнүн жаш муунунун келечеги үчүн жасалууда.
Каракол шаарында да мамлекет башчы койгон милдетти аткарууга салым кошуу максатында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 10 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.
Shirshov фондунун атынан иш-чарада Ирина Ширшова сөз сүйлөп, долбоордун негизги максаты балдар жана педагогдор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү болгонун белгиледи.
“Балдарыбыз жылуу, жайлуу жана коопсуз шартта болушу керек. Мугалимдер менен тарбиячылар үчүн да жакшы иш шарттары зарыл. Биздин жардамыбыздын маңызы ушунда”, - деди Ирина Ширшова.
Иш-чарадан кийин мэр Ирина Ширшова менен бирге мектепти кыдырып көрдү. Алар окуу класстарын, мектептин шарттарын жана жаңыланган объектилерди көрүштү. Мэр өзү мурда окуган класска да кирип, окуучулар менен баарлашып, аларга окууда ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле мэр жана Ирина Ширшова жаңыланган №5 бала бакчага барышты.
Бала бакчанын тарбиялануучулары конокторго ырларын тартуулашты. Мэр өз сөзүндө баланын билим алуусунун жана өнүгүүсүнүн алгачкы этабы дал ушул бала бакчалардан башталарын белгиледи.
Анын айтымында, өлкөдөгү бардык балдар коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шартта чоңоюшу керек. Ошондой эле ата-энелер балдары керектүү камкордук жана көңүл бурууга ээ болуп жатканына ишениши зарыл.
Ирина Ширшова бала бакчанын тарбиячылары менен таанышып, имараттын бөлмөлөрүн көрүп, балдар менен баарлашты. Ал балдар үчүн өнүктүрүүчү оюнчуктарды жана кургак бассейндерди алып келген.
Капиталдык оңдоп-түзөөнүн алкагында беш мектептин жана беш бала бакчанын фасаддары жана ички бөлмөлөрү жаңыланып, имараттардын сырткы дубалдары жылууландырылды. Ошондой эле жылытуу, суу менен камсыздоо жана электр системалары толугу менен алмаштырылды.
Билим берүү мекемелеринин айланасы да көрктөндүрүлүп, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жаңыланды. Эс алуу жайлары түзүлүп, заманбап жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Спорттук инфраструктурага да өзгөчө көңүл бурулду. Shirshov фондунун колдоосу менен мектептердин жана бала бакчалардын аймагында заманбап спорт аянтчалары түзүлүп, спорттук шаймандар жаңыланып, толукталды.
Имараттардын ичинде жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, пол жабуулары, инженердик жана электр тармактары алмаштырылды. Ошондой эле эмеректер толугу менен жаңыланып, кабинеттер оргтехника жана керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Адистештирилген окуу кабинеттер түзүлүп, ички Wi-Fi тармактары орнотулду.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында видеобайкоо системалары орнотулуп, навигация жана маалыматтык көрсөтмөлөр жаңыртылды.
Бала бакчаларда тарбиячылар, ашпозчулар жана коопсуздук кызматкерлеринин жумушчу формалары да жаңыртылды.
Билим берүү мекемелерин жаңылоо Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган - балдарга сапаттуу билим алуу үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү милдетинин алкагында ишке ашырылды.
Бул милдетти ишке ашырууда Каракол шаарына Shirshov фонду көмөк көрсөттү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















