super.kg logo

Beeline жана «Акнет» сиздин үй-бүлөңүз үчүн биргелешкен тариф түзүштү

 

Үй интернети, санариптик телевидение, сүйүктүү онлайн кинотеатрлар жана мобилдик байланыш — эми бир тарифте! Улуттук Beeline жана «Акнет» компаниялары өз мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, жаңы биргелешкен «Акнет Достук+» тарифин ишке киргизишти.

Эми ар бир кызматты өзүнчө төлөөнүн кереги жок. Бир гана жалпы айлык төлөм — жана сиз үй-бүлөңүз үчүн интернетке, санариптик кызматтарга жана байланышка ээ болосуз.

«Акнет Достук+» тарифине эмнелер кирет:

«Акнеттен» 500 Мбит/с чейинки ылдамдыктагы үй интернети;
Beeline'дан чексиз мобилдик интернет;
Beeline тармагында чексиз чалуулар жана SMS;
Башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуу үчүн 100 мүнөт;
«Акнеттен» 200дөн ашык ТВ каналдары;
5 онлайн кинотеатр: «Этномедиа», START, Wink, MEGOGO жана RizaNova.

Негизги топтомго 2 Beeline SIM-картасы кирет. Дагы 5 SIM-карта — жалпысынан 7 номерге чейин кошууга болот. Мындай болсо жакындарыңыз менен байланышта болуу жана жалпы чыгымдарды пландаштыруу ыңгайлуу болот.

Алты ай бою эки SIM-картадан турган негизги топтом үчүн тарифтин баасы 30 күнгө 1320 сомду түзөт, андан кийин — айына 1910 сом. Тариф жаңы абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.

«Акнет Достук+» тарифине кошулууга өтүнмөнү онлайн же Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде тариздесеңиз болот.

«Акнет Достук+» кадимки кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн эки улуттук компаниянын технологияларын жана тажрыйбасын бириктирди. Азыраак эсеп жана түйшүк — баарлашуу, иштөө, окуу жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр.

«Акнет Достук+» тарифи сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн. Мамлекет тарабынан колдоого алынган достук.

КР МТБМК караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КРлицензиялары, КР СӨМ караштуу МБАнын №21-0482-КРлицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: