Чүй облусунун тургуну баңгизатка байланыштуу кылмышка шектелип кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатка байланыштуу кылмышты аныкташты.
Маалыматка караганда, Бишкектеги автоунаа оңдоочу жайлардын биринде иштеген С.Ш. аттуу жарандын мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар экени тууралуу маалымат алынган.
Жаранды текшерүү учурунда анын кара түстөгү сумкасынан өзгөчө жыты бар кара түстөгү зат салынган 13 таңгак табылып алынган. Алардын жалпы салмагы 195,55 граммды түзгөн.
Учурда табылган заттын курамын жана түрүн аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 1987-жылы туулган Чүй облусунун тургуну С.Ш. шектүү катары кармалды.
Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















