Бишкекте №45 автобус кырсыктап, жүргүнчү жабыркады
Бүгүн, 21-сентябрда саат 11:30 чамасында Бишкектеги Жибек жолу жана Ахматбек Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду.
Мэрия билдиргендей, Жибек жолу көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан №45 каттамдын Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобусу оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан автобустун бир жүргүнчүсү жабыркаган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.
Окуя боюнча Жол кайгуул кызматы тарабынан текшерүү башталып, кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:17
2026-09-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















