Эмгек министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, 2022–2023-жылдары Эмгек министрлиги жалпы 3 миллион 737 миң 313 сомду түзгөн алты келишим түзгөн. Аталган келишимдерди ишке ашырууда айрым жооптуу кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды өздөштүрүп, отчёттук документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизишип, келишимдердин аткарылышына жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзүшкөн эмес.
Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, улгайган жарандарды, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого багытталган каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу", "Шалаакылык" жана "Документтердин жасалмасын жасоо" беренелери кылыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















