super.kg logo
  Саясат  

Жапаров австриялык банктын Кыргызстанда филиалын ачууну сунуштады

 

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-австриялык мамилелердин учурдагы абалын жана аларды соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жапаров кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын кийинки жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан банктар аралык өз ара аракеттерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, эки өлкөнүн банктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү соода жана инвестицияларды кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө токтолду.

Буга байланыштуу президент Кыргызстан жана Австриянын банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачуу, ошондой эле австриялык банктардын биринин Кыргызстанда филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Алэми Александер Ван дер Беллен өз кезегинде австриялык тарап бул сунуштарды карап чыгууга даяр экенин белгилеп, аталган сунушту Австриянын Финансы министрлигине кароого киргизерин билдирди.

Кыргызстан менен Австриянын орток кызыкчылыктарына токтолгон Александер Ван дер Беллен эки өлкө үчүн тоолордун жана тоо экосистемаларынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана суу ресурстары менен камсыз кылууда маанилүү роль ойногон мөңгүлөрдү сактоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн айтты.

Жолугушуунун соңунда президент Белленди Кыргызстанга келип, 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында БУУнун колдоосунда өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине “Бишкек+25” катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: