Талиева министр Кендирбаеванын "романтикалуу көз карашын" сынга алды (видео)
Кечээ, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеваны маселелерге өзгөчө жана "романтикалуу" көз караш менен мамиле жасап жатат деп сынга алды.
"Министрибиз башка бир дүйнөдө жашагандай, романтикалуу маселелерди айтып, өзгөчө ойлонот экен. Мен ал кишинин ар бир пресс-конференциясын, ар бир интервьюсун көрүп, таң калып бүтө албай жатам. Бир жылдан бери такыр сүйлөбөй жатам, себеби балким, мен кандайдыр бир жакшы нерсени көрбөй жаткандырмын деп ойлодум. Мына, азыр көрүп жатасыздар, эл кандай нааразы болуп жатат",- деди Талиева.
Депутат Талиева министр Кендирбаеванын "романтикалуу көз карашын" сынга алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















