Касымалиев Малайзиянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушуу өткөрдү.
Анда тараптар кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү жана соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча пикир алмашты.
Касымалиев өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү дээрлик алты эсеге өскөндүгүн белгиледи. Буга удаа эки тараптуу сооданы диверсификациялоо жана кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип кароону сунуштады.
Өкмөт башчы ошондой эле Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандырууну сунуштады. Анвар Ибрагим өз кезегинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин билдирди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















