"Пайдалуу ОСАГО: DemirBank тиркемесинде гана 30% арзандатуу"

Эми DemirBank кардарлары банктын мобилдик тиркемеси аркылуу милдеттүү ОСАГО полисин түз ала алышат. 2026-жылдын 1-ноябрына чейин полис толтурууда 30% арзандатуу каралган.
Кызмат DemirBank мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. Камсыздандырууну камсыздандыруу компаниясына барбастан онлайн режиминде толтурса болот.
ОСАГОну толтуруу үчүн кардар тиркемедеги "Кызматтар" бөлүмүн ачып, "ОСАГО камсыздандыруусун" тандап, керектүү шарттарды көрсөтүшү керек. Эгер полис өзүңүз үчүн толтурулса, тиркеме кардардын атына катталган унааларды автоматтык түрдө көрсөтөт. Жеке маалыматтар жана унаа тууралуу маалыматтар да автоматтык түрдө алынат.
Толтуруу учурунда полистин жарактуулук мөөнөтүн, унааны колдонуу максатын тандап, ким айдай турганын – камсыздандырылуучу гана же каалаган айдоочулар айдаарын көрсөтсө болот.
Шарттарды тандагандан кийин, тиркеме 30% арзандатууну эске алуу менен полистин баасын эсептеп берет. Камсыздандырууну онлайн төлөсө болот, ал эми даяр электрондук полис "Документтер" бөлүмүндө пайда болот. Аны тиркемеден ачсаңыз же PDF форматында жүктөп алсаңыз болот. Ал жерде жол кырсыгы болгон учурда эмне кылуу керектиги тууралуу эскертүү жана камсыздандыруу компаниясынын байланыш маалыматтары болот.
Эгер кардардын бир нече унаасы катталган болсо, анда ал ар бир унаа үчүн кезектешип тиркеме аркылуу ОСАГО толтура алат.
Мындан тышкары, DemirBank камсыздандырууну узартууну унутпоого жардам берет: полистин мөөнөтү аяктаганга 7 күн калганда кардар push-билдирүү алат.
30% арзандатуу менен ОСАГОну 2026-жылдын 1-ноябрына чейин DemirBank мобилдик тиркемесинен толтурса болот.
DemirBank сайтында толук маалымат
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















