Депутат Салтанат Аманова Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чарага катышты
Бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Салтанат Аманова катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин атынан куттуктоо сөзүн айтып, иш-чаранын катышуучуларына Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана төш белгилерин тапшырды.
Салтанат Аманова өз сөзүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле санарип доорунун талаптарына жооп берген улуттук мазмундагы долбоорлорду ишке ашырууга финансылык жана моралдык колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты.
Мындан тышкары, депутат өсүп келе жаткан муундун кызыкчылыгына багытталган, заман талабына жооп берген сапаттуу санариптик контентти даярдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















