Ош шаарынын мэри Казакстандын элчисин кабыл алды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттары талкууланды. Шаар башчысы Ош шаары менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында тыгыз өнөктөштүк орнотулганын белгилеп, бардык багыттар боюнча өз ара байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле жолугушууда өлкөлөр аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тарап үчүн тең пайдалуу демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2026-09-23
19:18
2026-09-23
17:55
2026-09-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















