АКШ менен Кытай соода келишимин январга чейин узартты
АКШ менен Кытай соода боюнча убактылуу келишимдин мөөнөтүн 2027-жылдын 10-январына чейин узартты. Бул тууралуу АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Анын айтымында, тараптар учурдагы келишимди узартуу менен бирге кеңири экономикалык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашууда.
Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кечээ, 23-сентябрда АКШга үч күндүк мамлекеттик сапар менен барган. Ал АКШ президенти Дональд Трамп менен негизги сүйлөшүүлөрдү бүгүн, 24-сентябрда өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















