Белгилүү кореялык актриса Пак Шин Хе кыздуу болду
Белгилүү кореялык актриса Пак Шин Хе жана актёр Чхве Тэ Джун экинчи ирет ата-эне болушту. Актриса 22-сентябрда көз жарганын чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка караганда, эне менен наристенин абалы жакшы. Пак Шин Хе учурда төрөттөн кийин калыбына келип, жакындарынын камкордугунда.
Белгилей кетсек, Пак Шин Хе менен Чхве Тэ Джун 2022-жылы баш кошуп, ошол эле жылы уулдуу болушкан. Актриса көпчүлүккө "Мураскерлер" сериалы аркылуу таанылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















