Кремль Путиндин G20 саммитине чакырылышы боюнча жооп берди
Орусия президенти Владимир Путиндин G20 саммитине чакырылганы үчүн Орусия ыраазы. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новости басылмасына билдирди.
"Биз бул маселени дипломатиялык жол менен карап чыгып, чечим кабыл алабыз",- деп билдирген Песков.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Путиндин саммитке катышуусу ага АКШнын президенти менен гана эмес, башка дүйнөлүк лидерлер менен да жолугуп, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берерин айткан.
G20 курамына дүйнөдөгү экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр, ошондой эле Европа жана Африка биримдиктери кирет. Саммит 14-15-декабрда АКШнын Майами шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















