Баткенде Тажикстанга мал өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды
Баткенде чек арадан малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды.Облустук милициянын бүгүн, 24-сентябрдагы маалыматына караганда, ал 3-сентябрда 3 уй жана 3 торпокту Тажикстандын Исфара районуна өткөрүүгө аракет кылган. Ал бул ишти тажикстандык аткезчи жарандар менен макулдашып, анан жасамакчы болгон.
Шектүү уйларды Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаага жүктөп алып, Курук-Сай участкасындагы чек ара тилкеси бара жатканда колго түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















