Дубайдан алган телефондорун жашырууга аракет кылган жаран кармалды
"Манас" эл аралык аба майданында телефондорду каттоодон өткөрбөй өлкөгө киргизүүгө аракет кылуу фактысы катталды.
Бажы кызматынын бүгүн, 23-сентябрдагы маалыматы боюнча, Дубайдан учуп келген жарандан iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18 Pro үлгүсүндөгү телефондор табылган. Алардын наркы 3 миллион 923 миң 150 сомду түзгөн.
Шектүү телефондорду Бишкекте сатуу үчүн Дубайдан сатып алганын айткан. Аларды ЕАЭБдин аймагында бажылык тариздөөдөн өткөргөндүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Аталган факт боюнча материалдар каттоого алынып, иликтөө башталды.
Дубайдан алган телефондорун жашырууга аркет кылган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















