Адылбек Касымалиев Кытайдагы санариптик соода көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү
Бүгүн, 24-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Биз үчүн өзгөчө маанилүүсү, Кыргызстан бул жаңы эл аралык түзүмдүн алгачкы мамлекет-негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү беришин каалайбыз. Кыргызстан бул ишке жигердүү катышууга даяр",- деди ал.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрүн, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун санариптик коштоп жүрүү бөлүгүндө санариптик логистиканы, чакан жана орто бизнес үчүн ЖИ-чечимдерин киргизүүнү, ошондой эле дата-борборлорду, технологияларды трансфертөө борборлорун биргелешип өнүктүрүүнү жана адистерди даярдоону белгиледи.
"Биздин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок санариптик дүйнөдө аралык тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргызстан инвестицияларга жана технологиялык өнөктөштүккө ачык. Жасалма интеллект жана санариптик соода дүйнөнү абдан тез өзгөртүүдө. Биздин милдет – аларды элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу",- деди сөзүнүн аягында Касымалиев.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















