Президенттик шайлоодо добуш бербегендерди эмне күтөт?
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоо иш күнү өтөрүн билдирип, анын себебин айтып берди.
Спикер белгилегендей, биринчиден, шайлоо иш күнү өтсө, анда шайлоочулардын саны өсүшү мүмкүн. Бул өз кезегинде ар кандай коррупциялык жолдорду алдын алат. Экинчиден, иш күнү мамлекеттик кызматкерлерге шарттар түзүлмөкчү.
"Кимде-ким шайлоого катышса, кадимкидей эле айлык акысы эсептелинет. Бирок катышпагандардын тизмесин БШКдан алабыз да маянасын эсептетпейбиз. Эмгек акысы эсептелбесе, келечектеги пенсиясы эсептелинбейт",- деди Маматалиев бүгүн, 24-сентябрдагы парламенттин жыйынында.
Президенттик шайлоодо добуш бербегендерди эмне күтөт?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:15
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















