super.kg logo

Бишкекте велосипедчен бала жабыркаган окуя боюнча айдоочу аныкталды (видео)

 

Кечээ, 23-сентябрда саат 18:16 чамасында Бишкектин Жусуп Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык катталды.

Аталган окуянын видеосу интернет желесине тарады. Анда жол чырагы кызыл учурунда унаадан түшкөн жүргүнчү аял жол жээгинен өтүп бара жаткан велосипедчен бала менен сүзүшкөн. Андан соң кулап түшкөн балага эч ким жардам бербегени байкалат.

Милициянын кайгуул кызматы кабарлагандай, Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда кырсык боюнча териштирүү жүрүп, унаадан түшүп кеткен жүргүнчү менен велосипед айдоочусун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.






Бишкекте жол-транспорт кырсыгына себеп болгон айдоочу милицияга жеткирилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: