Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров эки айга камалды
Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров эки айга камалды. Бул тууралуу 24-сентябрда калаанын Ленин райондук соту билдирди.
Маалыматка караганда, ал тергөө аяктаганга чейин, тактап айтканда, 20-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Буга чейин Кадыровдун кармалганы айтылып, бирок кайсы берене боюнча айыпталып жатканы такталган эмес.
Эске салсак, Азамат Кадыров 2023-жылдын ноябрынан тарта Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген. Ал жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү тармактарын тейлеген. Кадыров ушул жылдын 15-июнунда башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















