Депутат: "Агартуу министри мугалимдин укугун коргобосо, биз коргойбуз" (видео)
Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева мектеп окуу китептеринин сапаты жана жетишсиздиги тууралуу маселе көтөрдү.
Анын айтымында, соцтармактарда окуу китептеринин салмагы, боёгу, текстеринин сапатсыздыгы боюнча ата-энелер байма-бай арызданышууда. "Агартуу министрлигинин караштуу "Окуу китеби" мекемесинде чоң маселе бар. Ал жердеги адистердин ишинде, коррупцияга байланыштуу көзөмөл жүргүзүү керек. Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүп, иликтөө жүргүзөлү", - деди депутат.
Мындан тышкары учурда китептер мектепте же базарда жок экендигин билдирип, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеваны сынга алды.
"Министр мектеп окуучулары жетишсиз китептерди телефон аркылуу окуй алышат деди. Мектепте телефон колдонууга тыюу салынып жатса, бул кандай чечим. Ошондой эле окуу китептеринин жетишсиздиги мугалимдин шалаакылыгынан болуп жатат деген пикирин билдирди. Мындан улам ата-энелер мугалимдерди күнөөлөп жатышат. Мугалимдин укугун министр коргобосо, биз коргойбуз. Алардын укугу жогору болушу керек",- деп кошумчалады Талиева.
Муну утурлай окуу китептерине бөлүгөн каражаттын туура пайдаланышы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
"Президенттибиз окуу китептерине 7 миллиард сом бөлдү. Эртең сапатсыз китептер чыгып, бул каражат кумга сиңгендей жок болуп кетпесин", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев окуу китептери боюнча депутаттык комиссия түзүлөрүн билдирди.
Депутат: "Агартуу министри мугалимдин укугун коргобосо, биз коргойбуз"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















