super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

 

Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" берген маегинде айтты.

Суваналиевдин айтымында, президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчысына атаандаш боло турган талапкер болушу керек. Ал оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирүүгө аракет кыларын белгиледи.

66 жаштагы Өмүрбек Суваналиев буга чейин ички иштер министри, ошондой эле Нарын жана Талас облустарынын губернатору кызматтарын аркалаган. Ал акыркы жылдары бийликти сындаган саясатчылардын бири катары белгилүү.

Жогорку Кеңеш 24-сентябрда кезектеги президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январында өткөрүү чечимин кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: