Садыр Жапаров Казакстан президентине көңүл айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.
"Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”,- деп билдирди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:15
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















