Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу мектептин курулушу аяктады
Бишкек шаарынын Көк-Жар айылындагы 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.Имараттын курулушу ушул жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Долбоорго ылайык, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 3348,9 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек класстары жана спорт залы бар.
Курулуш министрлиги 25-сентябрда билдиргендей, учурда объектте сырткы көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана мектепти жууп-тазалоо иштери аткарылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















