Бүгүн "Бишкек Аренанын" ачылышына дагы 10 миң акысыз билет берилет
Бүгүн, 25-сентябрда саат 15:00дө "Бишкек Аренанын" ачылышына дагы 10 миң акысыз билет берилет. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы кабарлады.
Билеттер ticket.gov.kg сайтына жайгаштырылып, каалоочулар каттоодон өтүп ала алышат.
Мекеме буга чейин 45 миңден ашык билет таратылганын белгиледи.
Стадиондун ачылышы 5-октябрда орун алат. Ал күнү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системи колдонулат. Каттоодон өткөн адам стадионго жүзүн тааныган систем аркылуу кирет.
Иш-чарага 60 миңдей адам катышары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















