Министр Кулубаев ирандык кесиптеши менен Нью-Йоркто жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-сентябрда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуу өткөрдү.Сүйлөшүүдө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана аймактык жана эл аралык күн тартибин талкуулашты.
Тараптар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары чыңдоонун жана эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуу Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:15
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















