Ошко багыт алган учак "Манас" аэропортуна кайтарылды
Бүгүн, 25-сентябрда эртең менен Ош шаарына багыт алган Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы техникалык мүчүлүштүккө байланыштуу кайрадан “Манас” аэропортуна кайтарылды. Бул тууралуу маалыматты “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы тастыктады.
"Учак кайра кайтып келип, ийгиликтүү конду. Бардык жүргүнчүлөр күтүү залында турушат. Учак кайрадан толук текшерүүдөн өткөрүлүп, учурда учууга даярдалып жатат",- деп билдирди мекеме.
Техникалык индикация – бул басымдын өзгөрүшү учурунда систем туура эмес маалымат көрсөтүшү мүмкүн дегенди билдирет. Мындай учурда учак дароо учуп чыккан аэропортко кайтарылып, кошумча текшерүүдөн өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















