Казакстанда каргашалуу окуядан кийин 5 адам кармалды (видео)
Казакстанда машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу 5 адам кармалды. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышты.
Кармалгандардын арасында Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары, 2 аскер бөлүгүнүн командири, деңиз-жөө аскерлер ротасынын командири жана "Кайсар" кайыгынын командири бар.
Бул факт боюнча аскердик-тергөө бөлүмү кызматтык шалаакылык жана кемени башкаруу эрежелерин бузуу боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Тергөө Казакстандын Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-сентябрда машыгуу учурунда аба ырайынын начарлашынан 17 аскер деңизге агып кеткен. Үчөө куткарылып, 14ү каза болду. Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү.
Казакстанда каргашалуу окуядан кийин 5 аскер кызматкери кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2026-09-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















