Казакстанда Каспийде дайынсыз болгон 2 аскерди издөөгө 252 адам тартылды
Бүгүн, 25-сентябрда Каспий деңизинде дайынсыз болгон эки аскер кызматкерин издөө иштери уланууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, издөө иштерине 252 аскер кызматкери, 37 аскердик суучул, 14 кеме жана катер, ошондой эле 20дан ашык учак жана тик учак тартылган.
Белгилей кетсек, 24-сентябрда аскердик машыгуу учурунда аба ырайы начарлап, шамал деңизде 17 аскер кызматкерин агызып кеткен. Алардын 12си каза болуп, үчөө куткарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















