super.kg logo

Европанын алдыңкы футбол лигалары ФИФАны реформалоого чакырды

 

Англия, Германия, Италия жана Испаниянын футбол лигалары Эл аралык футбол федерациясын (ФИФА) башкаруу системасын реформалоого чакырышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин УЕФА, Азия футбол конфедерациясы (АФК) жана КОНКАКАФ ФИФАнын коммерциялык долбоору — FIFA Forward Enterprise (FFE) боюнча сунушун жана уюмдун президенти Жанни Инфантинонун позициясын сынга алышкан.

УЕФА ФИФА өткөргөн турнирлерге, анын ичинде дүйнө чемпионатына бойкот жарыялоо мүмкүнчүлүгүн билдиргенден кийин, Инфантино коммерциялык укуктардын бир бөлүгүн сатуу планы токтотулганын жарыялаган.

Европанын бир катар футбол ассоциациялары кийин Инфантинонун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Англия, Германия, Италия жана Испания лигаларынын биргелешкен билдирүүсүндө ФИФАда башкаруу боюнча түп-тамырынан бери реформа жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

Лигалар ФИФАны чечим кабыл алууда кызыкдар тараптарга реалдуу роль берүүгө, чечимдерди фактыларга таянуу менен кабыл алууга жана уюмдун жөнгө салуучу функциясын коммерциялык ишмердигинен коргоого чакырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: