Ысык-Көлдө мыйзам бузуу менен курулган 32 объект аныкталды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы бүгүн, 25-сентябрда Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылынын аймагындагы бир катар объектилерди текшерди.
Маалыматка ылайык, текшерүү Бишкек шаардык экологиялык прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде жүргүзүлүп, курорттук-рекреациялык багыттагы объектилер, анын ичинде конок үйлөрү жана туристтик жайлар камтылды.
Жыйынтыгында шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен курулган жана пайдаланылып жаткан 32 объект аныкталды.
Мындан тышкары, буга чейин мыйзам бузуулар катталган айрым объектилер кайрадан текшерилип, кемчиликтерди жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын аткарылышы көзөмөлдөндү.
Министрликтен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 2 миллион 420 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















