super.kg logo
  Саясат  

Райымбек Матраимов президенттикке талапкер болобу? Иниси жооп берди

 

Социалдык тармактарда мурдагы бажы кызматкери жана ишкер Райымбек Матраимовду 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүү боюнча билдирүүлөр тарады. Бул демилгени Урматбек Акунов көтөрүп чыккан.

Буга байланыштуу Райымбек Матраимовдун иниси Мирланбек Исмаилов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, агасынын президенттикке баруу ниети жок экенин айтты.

"Артык кылам деп тыртык кылба" деген. Бүгүн социалдык тармактардан менин Раимбек акемди президенттикке талапкер кылып көрсөтүү тууралуу чакырыктар тарап жатканын көрдүм. Алгач бардык юридикалык жагдайларды жана чектөөлөрдү четке коё туралы. Мен бул боюнча 200 пайыз ишеним менен айта алам: акемдин мындай ою эч качан болгон эмес жана азыр да жок! Ал акыркы үч жылдан бери чет өлкөдө жүрүп, өзүнүн ден соолугу менен алек болуп келет. Андыктан акемди ар кандай саясий оюндарга, интригаларга аралаштырып, анын атын пайдаланып хайп кылуунун кереги жок", - деп жазган Мирланбек Исмаилов.

Ошондой эле ал бул билдирүүнү жазган Урматбек Акунов кийин өзүнүн постун өчүрүп салганын белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Учурда айрым саясатчылар шайлоого катышуу ниетин билдирип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: