super.kg logo

Садыр Жапаров искусство университетинин алдына бир катар милдеттерди койду

 

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылды.

Президент Садыр Жапаров университеттин жаңы корпусунун ачылышында окуу жайдын алдына бир катар милдеттер коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, университетке улуттук макам берилгенден кийин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү күчөтүү жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү зарыл.

"Улуттук маданий мурастарды кенен талдоо жана аларды дүйнөлүк коомчулукка жайылтуу боюнча иштерди жаңы деңгээлге чыгарууңуздар керек. Илим менен өнөрдү айкалыштыруу аркылуу улуттук искусствобуз жаңы доорго ишенимдүү кадам таштоосу керек", - деди өлкө башчысы.

Ошондой эле президент студенттердин эл аралык иш-чараларда, фестивалдарда, Дельфи оюндарында жана эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды багындырып келе жатканын белгилеп, бул жетишкендиктерди жогору баалады.

Мындан тышкары, акыркы үч жылда университетте аспирантура жана магистратура бөлүмдөрү ачылып, кыргыз маданияты менен искусствосун терең изилдөөгө жана илимий кадрларды даярдоого шарт түзүлгөнүн айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: