8,5 миллиард сом бөлүнөт... Президент китептер менен камсыздоо боюнча жарлык чыгарды

Президент Садыр Жапаров жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өлкө башчынын администрациясы кабарлады.
Ага ылайык, китептерди басып чыгаруу жана комплекттөө боюнча комплекстүү систем түзүлмөкчү. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом бөлүнөт.
Мындан тышкары Министрлер кабинетине жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилген. Анын ичинде:
- Министрлер кабинетине караштуу жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссияны түзүү;
- окуу адабияттарына белгиленген мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана заманбап методикалык талаптарга шайкештигине экспертиза жүргүзүү жана баалоо;
- жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга автордук курамды тандоонун жана бекитүү;
- конкреттүү регионго, мектепке, класска жана окуучуларга чейинки жолун байкоого мүмкүндүк берген уникалдуу QR-код менен ар бир окуу куралын жана окуу-методикалык комплексин маркалоону кароо менен жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуунун натыйжалуу механизмин жүргүзүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:22
2026-09-26
21:42
2026-09-25
19:53
2026-09-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















