super.kg logo

Бишкекке келген жаңы автобустардагы өзгөчөлүктөр (видео)

 

Бишкекте 20 жаңы Yutong автобус каттамга чыкты. Алардын 17си күнүмдүк каттамда иштеп, 3 автобус түнкү нөөмөткө чыгат. Жаңы автобустар 153 каттамда — Бишкек аэропорту багытында жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Репортажда жаңы автобустардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтөбүз. 12,5 метрлик, үч эшиктүү автобуста кондиционер жана жылытуу системасы, майыптыгы бар жарандар жана коляска менен жүргөн жүргүнчүлөргө ыңгайлуу орундар, кош бойлуу аялдар үчүн атайын кызыл түстөгү орундуктар бар. Көзөмөл камералар, кең жана жумшак орундуктар, айдоочу үчүн ыңгайлуу башкаруу жана атайын шарттар каралган.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасына заманбап 95 автобус алынып келинген. Автобустарды Кытайдын Yutong компаниясы чыгарган. Бардык автобустар бажылык тариздөөдөн өткөн.

Репортажды толугу менен порталыбыздын ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: