Ошто масштабдуу эл аралык чуркоо марафону өттү
Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык массалык чуркоо марафону өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, ага Өзбекстан, Беларус, Непал, Индиядан жана өлкөбүздүн жети дубанынан келген 400 адам катышкан. Жөө күлүктөр борбордук аянттан “Ак-Буура” үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка чейин, жалпы 7 чакырым аралыкка чуркашкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө тиричилик техникалары жана баалуу белектер ыйгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:31
2026-09-26
15:41
2026-09-26
14:22
2026-09-26
21:42
2026-09-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















