Рамзан Кадыров жеңишинен кийин кабриолет менен шаар кыдырып, майрамдады (видео)
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров шайлоодогу жеңишинен кийин Грозный шаарынын борбордук көчөлөрүн винтаждык Cadillac Eldorado кабриолети менен кыдырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кадыров менен унаада анын жардамчысы жана Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адам Кадыров, айыл чарба министри Висхан Мацуев жана саламаттык сактоо министри Адам Алханов болгон. Видеодон унаадан чечен ырчысы Ранинин музыкасы жаңырып турганын жана шаар тургундарынын Кадыровго кол булгалап жатышканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 21-сентябрда Чеченстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бардык бюллетендер саналгандан кийин Рамзан Кадыров 99,85 пайыз добуш алып, жеңишке жеткен. Шайлоодо Кадыровдон тышкары Исмаил Денильханов жана Халид Накаев да талапкер болуп, алар жалпы 0,1 пайыз добушка ээ болушкан.
Кадыров шайлоодогу жеңишинен кийин кабриолет менен шаар кыдырды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















