Трамп: "Зеленский Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдоруна соккуларды азайтууга макул болду"
АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго соккуларды азайтууга макул болгонун билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Трамптын айтымында, ал Зеленскийден Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасалган чабуулдарды басаңдатууну өтүнгөн.
"Мен ага мунай иштетүүчү заводдорго соккуларды басаңдатуу керектигин айттым. Ал: “Биз, балким, ошентип кылабыз, анткени биз дүйнөлүк көйгөйлөрдү жаратып жатабыз” деп жооп берди", - деди Трамп.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















