Казакстанда жаңы коргоо министри дайындалды
Казакстандын жаңы коргоо министри болуп Айдос Мырзахметов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка 27-сентябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Мырзахметов 2024-жылдын январь айынан бери Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциялар күчтөрүн жетектеп келген. Ага чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын департамент башчысы болгон. 2026-жылдын май айында ага генерал-майор наамы ыйгарылган.
Эскерте кетсек, Казакстандын коргоо министри Каспий деңизинде машыгуу учурунда 14 аскер каза болгондон кийин алмаштырылды. Буга чейин аталган кызматты Даурен Косанов аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:00
2026-09-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















