super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров TIKA'нын президентин кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA) президенти Абдуллах Эренди кабыл алды.

Жолугушууда TIKA менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелери жана социалдык-экономикалык, гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Президент негизги багыттарды, анын ичинде саламаттык сактоо, айыл чарба лабораториялык инфраструктурасын модернизациялоо, кесиптик-техникалык билим берүү жана “жашыл” энергетика тармагында адистерди даярдоо маселелерин белгиледи.

Өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу райондорунда долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде чакан гидроэнергетика, медициналык инфраструктура жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу сунушталды.

TIKAнын президенти агенттиктин Кыргызстанда жакынкы мезгилде ишке ашыра турган пландары тууралуу айтып берди. Анын ичинде, жаңы долбоорлорду жана айрым демилгелерди камтыган бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: