ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен ишканаларды ачууну талкуулашты
Кыргызстан ЭКУга мүчө өлкөлөр менен жеңил жана текстиль өнөр жайы, машина куруу жана металл иштетүү, электр техникалык, химиялык жана фармацевтикалык өнөр жай, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорго кызыкдар.
Бул тууралуу 25-сентябрда Душанбе шаарында өткөн ЭКУ өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесинде айтылды.

Бул жыйынга кыргыз делагациясынан атынан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов катышты.
Анда биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштүк операцияларды жергиликтештирүү, тетиктерди чыгаруу, технологиялар менен алмашуу жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгуу белгиленди. Мындай долбоорлорго чакан жана орто бизнести активдүү тартуу сунушталды.
Министрдин орун басары өлкө өз ара инвестицияларды тартууга, өндүрүштөрдү технологиялык жактан жаңылоого жана биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















