"Айлыкты көтөрүп беребиз". Туманбаев Ошто заманбап калкты тейлөө борборун ачты
Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаарында заманбап Калкты тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.Кызмат мекемеси кабарлагандай, борбордо жарандар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн:
- электрондук кезек;
- кенен тейлөө залы;
- эне жана бала бөлмөсү;
- касса жана паспорт берүү бөлүмү;
- архив;
- жогорку комфорттогу VIP-зал каралган.
Туманбаев борбордун кызматкерлерине заманбап шарттар түзүлүп жатканын айтып, жакынкы күндөрү айлык акылар жогорулай турганын белгиледи.
"Октябрь айында айлык акыны көтөрүп беребиз. Турак жайга муктаж кызматкерлер МИК аркылуу үй менен камсыздалат",- деди ал.
Борбордо 38 адис күнүнө 1500гө чейин жаранды тейлей алат.
Ошто заманбап тейлөө борбору ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















