super.kg logo

Тажикстанда сулуулук салонунун кызматкерлерине ВИЧ боюнча тест тапшыруу милдеттендирилди

 

Тажикстанда сулуулук салондорунун кызматкерлери ВИЧке тест тапшырып, тиешелүү маалымкат алышы керек. Бул талап президент Эмомали Рахмон кол койгон токтом менен бекитилгенин бүгүн, 28-сентябрда чет элдик басылмалар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жаңы тартип маникюр жана педикюр чеберлерине, каш оңдоочу, бет жана дене тазалоочу адистерге, татуаж жана пирсинг кызматын көрсөткөндөргө тиешелүү.

Мындан тышкары, Тажикстанда никеге тургандар да ВИЧке тест тапшырууга милдеттүү. Мамлекеттик медициналык мекемелерде жаш жубайларга бул кызмат акысыз көрсөтүлөт.

Ошондой эле ВИЧ боюнча анализдин жыйынтыгы тууралуу маалымкатты берүү мөөнөтү 10 жумуш күнүнөн 5 күнгө кыскартылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: