Бишкекте орусиялык окуу жайлардын көргөзмөсү өтөт
Борбор калаада 2-октябрда III Орусия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында орусиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өтөт.
Ал жерде абитуриенттер жана алардын ата-энелери орусиялык ЖОЖдордун кызматкерлери менен түздөн-түз баарлашып, окуу программалары, даярдоо багыттарын жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалымат ала алышат.
Бул көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Самара, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома жана Орусиянын башка шаарларынан инженердик, IT, медициналык, агрардык, транспорттук багыттагы университеттер катышат.
Ошондой эле орусиялык ЖОЖдорго тапшыруу маселелери боюнча кеңеш берилет.
Аталган иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы корпусунда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















