super.kg logo

Кыргызстан - Япония түз аба каттамын ачуу маселеси каралды

 
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов 29-сентябрда Япониянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Юдзи Хара жана Тадаси Симура менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин сүйлөшүштү. Анда мындан ары маалыматтык турларды көбөйтүү жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү боюнча айтылды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси да каралды.
Мындан тышкары, Япония тарап 2026-жылдын 1-декабрында өтө турган "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа курортунун расмий ачылышына чакырылды.
Сүйлөшүүлөр Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: