Араванда шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн, 28-сентябрда Ош облусунун Араван районунда Шаар куруу жана архитектура департаментинин райондук башкармалыгынын жаңы имараты ачылды.
Ачылыш аземине Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, архитекторлор жана район тургундары катышты.
Министр башкармалыктын кызматкерлерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, жарандарга сапаттуу жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жаңы административдик имараттын курулушу 2026-жылдын 19-январында башталган. Анын жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Долбоор министрликтин ички ресурстарынын эсебинен ишке ашырылган.
Буга чейин башкармалыктын кызматкерлери 1963-жылы курулган эски имаратта иштеп келишкен.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















