super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Сурабалдиева менен Шыкмаматов кайым айтыша кетишти (видео)

 

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева салыкчылардын ишенимдүү иш жүргүзүшүнө күмөн саноосу бар экенин айтты.

Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов салыкчылардын 99 пайызынын ишмердүүлүгү ишенимдүү экенин билдирди. Сурабалдиева "салык тармагында иштегендердин 99 пайызы таза деген кепилдик берип жатасызбы?" деген суроо узатты. Шыкмаматов андай мааниде айтпаганын, салыкчылардын 99 пайызы таза деген кепилдик бере албасын айтты.

"Анда сураныч, улуу трибунадан 99 пайыз ишкерлер шылуундар деп жамандабаңыз", - деди эл өкүлү. Себеби, Шыкмаматов ишкерлер жалган эсеп-фактураларды түзүп, салыкчыларды кылмышка түрткөн учурлар бар экенин айткан.

Шыкмаматов: "Сиз дагы айтпаган сөздү айтты кылып жатасыз. Мен антип айткан жокмун. Анткени көп адамдар күбө. Эгер ошентип айткан болсом, анда азыр жоопкерчилигин тартайын",- деп жооп кайтарды.

Бул учурда парламент төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы башкы салыкчыны тартипке чакырып, депутаттарды сыйлоого үндөдү.






Парламентте Сурабалдиева менен Шыкмаматов кайым айтыша кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: