super.kg logo
  Саясат  

"Ташиевдин душманы болгон эмеспиз". Элвира Сурабалдиева Шыкмаматовго жооп кылды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовду айтылган сындарды туура кабыл алууга чакырды.

Эл өкүлү баш прокурордун орун басарынан мамлекеттик кызматкерлерге этиканы түшүндүрүп коюуну өтүндү.

"Мен сиздин жашыңызды сыйлайм, Алмамбет байке деп айтам. Биз бири-бирибизди көп жылдан бери тааныйбыз. Бирок мен берген суроолор мага келген кайрылуулардын жыйынтыгы болуп жатат. Анан ошону айтып сурасак дагы эмоцияга алдырып жооп кылбаңыздар.

Эгер сиз биз менен ушундай сүйлөшүүнү чечсеңиз, анда аймактагы салыкчыларды караңыз. Аймактагы кызматкерлериңиз эмне иш кылып жатканын билбейсиз. Аларды моюнга алыш керек да. Биз сиздердин душманыңыздар эмеспиз. Биз президенттин душманы эмеспиз. Биз Камчыбек Ташиевдин дагы душманы болгон эмеспиз",- деди Сурабалдиева бүгүн, 1-октябрдагы парламенттин жыйынында.

Айта кетсек, бүгүнкү отурумда Элвира Сурабалдиева менен Алмамбет Шыкмаматовдун ортосунда пикир келишпестик жаралды. Сурабалдиева мындан улам өкмөт мүчөлөрүн депутаттарды сыйлоого чакырып, парламент эл өкүлдөрүнүн аянты экенин айтты. Шыкмаматов микрофонунун өчүрүлүшүнө карабай жооп берүүнүн жолун тапты.







"Ташиевдин душманы эмеспиз". Элвира Сурабалдиева Шыкмаматовго жооп кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: